Депутат Султанбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн бюросуна мүчө болуп шайланды

  • 2 недели мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн бюросуна мүчө болуп шайланды.

Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

-124 мамлекеттин ичинен Чолпон Султанбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн бюросунун мүчөсү болуп тандалды. Чолпон Аалыевнанын шайланышы Кыргыз күрөш мектебинин жетишкендиктерин жана күрөш федерациясынын, өлкөнүн кызыкчылыгын дүйнөлүк аренада алдыга жылдыруу аракетин таанууну билдирет. Мындан ары Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунда Кыргызстандын таасири күчөйт, бул Кыргызстандын спортчуларынын гана кызыкчылыгын коргобостон, күрөштүн дүйнөлүк деңгээлде өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк берет,-деди депутат Ормонов.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн бюро мүчөлөрөн шайлоо Албаниянын Тирана шаарында өткөн.

Сүрөт: Видео тасмадан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты