Депутат Самыйкожо: Саясий каармандарды эмес, илим-билим, маданият каармандарын чыгарууга мезгил келди
- 12 месяцев мурун
Бүгүн, 4-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Элдик» тобунан депутат Мирлан Самыйкожо улуу кыргыз эли, каада-салты, тарыхы, эне тили тууралуу айтып, учурда «саткын эл» болуп бараткандайбыз деп, кабатыр болгон, жалындуу сөз сүйлөдү.
«Улут катары жок болуп кетпеш үчү биз эмне кылышыбыз керек деген соболду койгубуз келет. Демек биз ашына популисттикке шөкөттөлгөн саясий каармандарды эмес, бүгүнкү күндө илимдин, билимдин жана маданияттын каармандарын чыгарып, жаңы ысымдарды чыгарып, көчөгө эмес, акыл-эске, жүрөктөргө төңкөрүш жасай турган учур келди» деди.
Мирлан Самыйкожо улуттук идеологияны колго алуу боюнча иштерди улантуу керектигин баса белгиледи.
Депутат Абакиров Элдар Абакиров айтылгандарды кубаттап, тарбиянын башаты болгон балдар бакчасынын көйгөйүн көтөрдү.
Муну бөлүшүү




