Депутат: «Президенттин Ош облусундагы өкүлү кызматын таштап блогер болсун»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев эл өкүлдөрүнүн укугу бузулбашы керектигин айтты.

Ал депутат Жалалидин Нурбаевди президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов каралап жатканын билдирди. «Ал социалдык тармакка «Нурбаевдин кланын ачтык» деп чыгарып жатат. Губернатордун орун басары блогер болуп алганбы же интернет жылдызы болуп алганбы билбейбиз. Туура эмес маалыматтарды таратууда. Эл тарабынан шайланып келген депутаттын укугун бузуп, буйрук менен анын моралдык укугун бузуп жатат. Урматтуу төрага депутаттардын бардыгынын укугун коргогонго милдеттүүсүз. Протоколдук тапшырма берели. Ал кызматын таштап интернет жылдызы болуп иштесин же блогер болсун», — дейт Акылбек Түмөнбаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул маселени карап чыгууну сунуштады. «Мамлекеттик кызматты ээлегенден кийин ошого ылайыктуу иш алып барсын. Тиешелүү комитетке тапшырма беребиз. Расмий чечим кабыл алынат», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты