“Баарыбыз күнөөлүүбүз». Министр мектептеги окуучунун биринин өлүмү тууралуу

Бүгүн, 17-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева билим берүү тармагынын 12 жылдык билим берүү системасына өтүүсү тууралуу баяндама жасады. Баяндамадан кийин депутат Жалолидин Нурбаев билим берүү министринен №31 мектептеги кайгылуу окуяда ким күнөөлүү экенин сурады.

— Кечээ бир бала классташын уруп койду эле, экинчиси каза болуп калды. Окуучунун арты кайырлуу болсун, ата-энесине сабыр берсин. Ушул жагдайга ким күнөөлүү?- деди депутат.    

“Баарыбыз күнөөлүүбүз” деп жооп берди министр Догдургүл Кендирбаева.

Бишкек шаарынын №31 жалпы билим берүүчү орто мектебинде 7-класстын эки окуучусу уруша кетип, аягы өлүм менен аяктаган.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы ЖМКга билдиргендей, 15-апрелде 14 жашар АА. классташы А.А. менен уруша кетип, аны коюп жиберген. Ал эс-учун жоготуп койгон. Ал эми “Тез жардам” келгенде, кыздын өмүрү кыйылганын тастыктаган.Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталганы маалымдалды.

Андагы кайгылуу окуя тууралуу «ПолитКлиника» медиасынын видео тасмасы:

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты