Депутат Ошто бир шылуун гектарлаган жерди сатып жүргөнүн билдирди   

  • 1 год мурун

Кыргызстандын бардык аймагында жер маселеси курчуп кетти. Ошто бир шылуун гектерлаган жерди сатып жүргөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

Атазовдун айтымында, Оштун Озгур айылында бир шылуун гектарлаган жерлерди басып алып, жеке менчикке саткан.

-Кечээ жакында эле жер-жерлерди кыдырып келгенде көптөгөн маселелерге туш болдук. Ошол жердеги  миңдеген жарандар митингге чыгып, бирок эч тыянак болбой атканына  эл нааразы болуп атышат. Бир жаранды тизгиндей албаган күч органдарына эмне десек болот? Андыктан Кыргызстандагы жерлерди трансфармациялоо процесси боюнча тиешелүү органдар келип парламентте маалымат берсин. Бул маселеге көңүл кош мамиле кылбай, көңүл бөлүп карабасак болбой калды,- деди депутат жалпы жыйында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты