Депутат Надира Нарматова четтен грант алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга чет өлкөлүк агент макамын ыйгаруу маселесин көтөрдү

  • 2 года мурун

Депутат Надира Нарматова бүгүн, 10-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында чет жактардан каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга чет өлкөлүк агент макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылды.

-Тилекке каршы, акыркы мезгилде көрүп жатасыңар, мамлекет ичинде бейөкмөт уюмдар түрдүү багытта чуру-чуу салып, Кыргыз мамлекетинин ичинде тынчтык бербей келет. Ошондуктан төрага сизден суранам, сунуш кылам, 5-чакырылыштагы мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп, чыкканга протоколдук тапшырма берсеңиз. Биздин мамлекеттин тынчтыгы үчүн, бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп чыгып, чет өлкөлүк агент макамын бермейинче, биз, Кыргыз мамлекетинде тынчтык болбойт экен   

Сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар иштеп жаткан бийлик бутактарына да тынчтык бербей, бийликке, ичине киргенге аракет кылып жатат, биздин мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жатат,- деди депутат Надира Нарматова.

Депутат ошондой эле, ал мыйзам долбоорун 5-чакырылышта демилгелегендердин арасынан өзү жалгыз 7-чакырылышка депутат болуп келгенин белгиледи:

-5-чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Маталиев, мен, Нарматова болуп, бейөкмөт тууралуу уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун комитети деүгээлинде экинчи окуудан өткөргөнүбүздө, мөөнөтүбүз бүтүп, кетип калган элек.

Ал мыйзам долбоорун 6-чакырылыш комитеттин деңгээлинде карап, тилекке каршы, бейөкмөт уюмдардын 20га жакын өкүлдөрү кирип калып, каршы иш жүргүзүп, бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам долбоорун өткөрбөй, четке какканга мабур болушкан. Дагы жакшы, 6-чакырылышта депутат Бакыт Райымкулов жетектеп, бейөкмөт уюмдар жөнүндө бир беренеге өзгөртүү киргизишип, жок дегенде, ачыктык, тактык болсун деп, финансылык каражатттарын көзөмөлдөө багытында мыйзам кабыл алышкан. Ошого дагы шүгүр кылышты эле, -деп айтты депутат Надира Нарматова.  

Кийинки мезгилде көз карандысыз ЖМКга каршы митингдер уюштурулуп келет. Алгачкы митингге чогулгандар “Кактус медианын” жабылышын жана жазаланышын талап кылышса, экинчи жолу чыккандар “Азаттык”, “Клооп” сыяктуу медиаларга да каршы болушкан. 
Сүрөт: Интернет булактарынан.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты