Журналисттерге каршы митинг. Талаптардын өзгөрүшү жана бийлик менен байланыш
- 3 года мурун
- Баяндар, Фактчекинг
9-февраль күнү Kaktus.media интернет-басылмасынын алдында митинг болуп өттү. Митингге чогулгандар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чагылдырууда Kaktus.media көчүрүп жарыялаган маалымат боюнча козголгон кылмыш ишин аягына чейин чыгарууну жана басылманы жоопко тартууну талап кылышкан.
Белгилей кетсек, дал ушундай талаптагы митинг 28-январь күнү Kaktus mediaнын кеңсесинин алдында болуп өткөн.
“ПолитКлиника” медиасы митингге чыккандардын талаптарын анализдеп көрдү.
Окуянын чоо жайы
27-январда Kaktus.media сайтында “ASIA-Plus” тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган маалымат жарыяланган. Анда Тажикстан “Кыргызстанды чек ара жаңжалында себепчи болгон деп эсептейт” деген маалымат чыккан. Кийинчерээк басылма нааразылык жараткан маалыматы тууралуу түшүндүрмө берген.
“Бул публикациянын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз.
Бирок Тажикстандын ММКлары маалыматтык согушту уттуруп жибербөө максатында кандай маалыматты таратып жаткандыгын бардыгыбыз билүүбүз кажет деген пикирдебиз. Kaktus.media редакциясы ар дайым кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп келген жана мындан ары да коргойт”, — деп жазылган кайрылууда.
Бул боюнча интернет тармагында нааразычылыктар жаралып, 28-январда басылманын алдында митинг уюштурулган.
Биринчи митингдеги талап: “Кактус медиа жоопко тартылсын!”
28-январь күнү “Кактус медианын” алдына 20га чукул адам чогулган. Алардын негизги талабы “Кактус медианын” чек ара боюнча жасаган билдирүүсүн түшүндүрүп берүү жана мыйзам алдында жоопко тартылуусун, жабылуусун каалашкан.
“Фактчек” басылмасынын журналисттери митингге чыккандарды аныктап чыгышкан. Алардын айрымдары социалдык баракчаларында азыркы бийликти колдогону менен белгилүү. Ошондой эле бул пикетке катышкандардын кээ бирлери Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон акцияларга катышканы жана аялдардын тилектештик жүрүшүнө каршы өткөн митингге да чыкканы белгилүү болду. Мындан сырткары алардын айрымдары митингдин максаты тууралуу суроого жооп берип жатканда ар кандай себептерди айтышкан: кээ бирлери митингге чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыгышканын айтса, башкалары болсо “Кактус медианын” ошол кабарын окубаганын да моюнга алышкан.
Башкача айтканда, биринчи митингдегилер көбүнесе “Кактус медиасына” каршы болушуп, элдин алдына чыгып түшүндүрүп
берүү талабын коюшкан.
Ал эми аталган окуядан кийин 31-январда чек ара жаңжалы жөнүндөгү материалды көчүрүп жарыялоо фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо”) боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул берене “бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу” үчүн колдонулат. Бул окуяга байланыштуу “Кактус медианын” 13 кызматкери суракка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Экинчи митингдеги талап: “Азаттык чыгып кетсин!, Клооп, Кактус жабылсын! Чет элдик тыңчы” деген макам берилсин!”
- “Чет элдик тыңчы” макамы берилсин”
«Кактус медиага» каршы өткөрүлгөн экинчи митингде 30га чукул адам катышкан. Чогулгандардын талаптары биринчи митингге караганда бир кыйла өзгөргөн.
Митингге чыккандардын бири мурдагы депутат жана омбудсмен Турсунбай Бакир уулу чет өлкөдөн каржыланган адамдарга “Чет элдик тыңчы (агент) макамын берүүнү жана бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзамды күчөтүү керектигин айткан:
“Чет өлкөлүк агенттер боюнча мыйзамды 2013-жылы Жогорку Кеңешке сунуштаганмын. Бирок кабыл алынган жок. Мен сунуштаган мыйзам боюнча, чет өлкөдөн каржыланган уюмдар же ММКларды мамлекет текшере алат. Эгер аталган уюмдар алган акча каражатты максатсыз пайдаланылып жатса жана мамлекетке зыян келтирип, саясатка аралашса “Чет өлкөлүк тыңчы” макамын бериш керек. Экинчи талабыбыз “Кактус медиасына” козголгон кылмыш иши аягына чыксын. Бул бир эле бизде эмес башка өлкөлөрдө да каралган”,-деп айткан.
“Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү мыйзам 2013-жылдан баштап Турсунбай Бакир уулу Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова тарабынан демилгенген. Мыйзам чет элдик уюмдарды көзөмөлдөөгө багытталса да кимдерге иштей турганы так жазылган эмес. Анткени Кыргызстан боюнча 12 миңден ашуун бейөкмөт уюмдар бар. Алардын арасында чет өлкөдөн каржыланып, бирок мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн уюмдар да бар.
Укук коргоочулар, юристтер жана эксперттер бул мыйзам долбоордо кооптуу нормалар камтылып, сөз эркиндигине жана жарандык коомдун өнүгүшүнө коркунуч жаратаарын белгилешкен.
Четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды «тыңчы» катары таануу боюнча мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Байкоочулар ошол учурдагы Кыргызстанда сунушталып жаткан долбоор анын көчүрмөсү катары Кремлдин таасири астында экенин белгилешкен.
Бир нече жылдан кийин мыйзам долбоору кайрадан көтөрүлдү. Катуу талкуулардын соңунда президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койду. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, аймактык тескөөчүлөр жыл сайын мамлекеттик органдарга кирешелердин түзүмү жана көлөмү боюнча отчетту, ошондой эле мүлкү тууралуу маалыматтарды бериши керек. Азырынча мамлекеттик органдар бул мыйзамды ишке ашыруу механизмдерин түшүндүрө элек.
Башкача айтканда, бейөкмөт уюмдарды тескөөчү мыйзам кабыл алынган. Ал эми “Чет элдик тыңчы” макамы Россиянын мыйзамынын көчүрмөсү жана диктатуралык кадам болуп санала турганын эксперттер эскертишкен.
- “Чет жактан каржыланган ЖМКлар жабылсын”
Биринчи митингге салыштырмалуу экинчи жолу чогулгандардын талабы өзгөргөнүн байкоого болот.
Алгачкы митингге чогулгандар “Кактус медианын” жабылышын жана жазаланышын талап кылышса, экинчи жолу чыккандар “Азаттык”, “Клооп” сыяктуу медиаларга да каршы болушкан.
Чогулгандардын арасынан “Азаттык жабылсын,чыгып кетсин!” деп кыйкырган Илимбек Исраиловду байкоого болот.
Илимбек Исраилов, коррупциялык схемаларды курууга айыпталган Райымбек Матраимовдун тарапташы катары белгилүү. Ал буга чейин, Матраимовду колодогон бир канча митингде жүргөн. Дал ушул митингдерде жана Фейсбуктагы баракчасында да Илимбек Исраилов “Азаттык жабылсын!” деген сыяктуу ойлору менен бөлүшүп турат.
Белгилей кетсек, 2019-жылы “Азаттык радиосу”, Kloop медиасы жана “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо”, “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген журналисттик иликтөөлөрдү жарыялашкан.
Анда 2015-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимов коррупциялык схеманы түзгөнү ачыкка чыгарылган. Матраимов түзгөн схеманын аркасында Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат сыртка чыгарылып кеткени маалым болгон. Дал ушул резонанс жараткан иликтөөлөрдөн кийин, коррупцияга тиешеси бар адамдардын жактоочулары тарабынан “Батышчыл медиа” деген өңдүү айыптоолор күчөгөн.
Башкача айтканда, экинчи жолу митингге чыккандар митингдин түпкү максатына эмес, өз кызыкчылыктарына жараша чакырыктарды жасагандарын да байкоого болот. Анткени “Азаттык” жана “Клооп” медиаларынын чек ара чырын туура эмес чагылдырууга тиешеси жок.
3.Бийликчилдерди бириктирген митинг
Чогулгандар журналисттерге бийликтин буйругу менен чыкпаганын, тескерисинче, бийликтегилер бул митингди уюштурууга каршы болгонун билдиришкен.
Ошондой болсо да, чогулгандардын көпчүлүгү бийликти колдоп жүргөндөрү маалым.
Алардын бири 28-январда «Кактус медиасына» каршы уюштурулган митингге катышкан Жолдошбек Сыргаков.
Ал 23-январда иликтөөчү журналист “Болот Темировду колдоо митингине да катышып” провокациялык аракеттерди жасаган. Ал, “Бул жерде сөз эркиндиги тыйылган жок. Ар ким өзү каалагандай сүйлөп жатат. 30 жылдан бери ушундай сөз эркиндиги болду беле?!”,- деп кыйкырган.
Интернеттеги маалыматтарга ылайык, Жолдошбек Сыргаков көптөгөн саясий митингдерге катышып келет.
Митингдин дагы бир катышуучусу Нурбек Тойгонбаев Kaktus.media’га каршы митингге генератор жана колонкаларды алып келген.
Нурбек Тойгонбаев “Нурбек Саяк” деген каймана ат менен белгилүү жана президент Садыр Жапаровдун белгилүү тарапташы экени айтылат. ЖМКлардагы маалыматка ылайык, ал 2017-жылы Садыр Жапаров тууралуу ыр да жазган.
«Кактус медиасына» каршы уюштурулган эки митингге катышкан Орозбек Аспеков да бийликтин колдоочусу экени маалым.
Ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу да президент Садыр Жапаров тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп турган.
Митингдин дагы бир катышуучусу Канжарбек Эралиев журналисттерге өзүн укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкери, Ички иштер министрлигинин пенсионеримин деп тааныштырган. Учурда коомдук ишмердүүлүк менен алектенип, «Коомдук көзөмөл» уюмунун өкүлү экенин билдирген.
Жыйынтык:
1) Kaktus.media’га каршы уюштурулган биринчи жана экинчи митингдеги талаптар бири-биринен айырмаланат. Биринчи митингдеги “Кактус медиага” чара көрүү демилгеси ишке ашып, журналисттер суракка чакырылган. Ал эми экинчи митингде Райымбек Матраимовдун жана бийликтин колдоочулары өздөрүнүн көз карашына жана пайдасына ылайык келген позицияны кармап “Азаттык” жана “Клооп” медиасын да жабылуусун жана сыртка чыгып кетишин талап кылышкан. Бирок алардын, Kaktus.mediaга коюлуп жаткан айыптоолорго тиешеси жок.
2) Ал эми Турсунбай Бакир уулу сунуш кылган бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө мыйзамы да кабыл алынган. Ал сунуш кылган “Чет элдик тыңчы” демилгеси демократияга каршы деп эсептелгендиктен мындан сегиз жыл мурун эле жокко чыгарылган.