Депутат Момбеков: Орхан Инандыны өткөрүп бергенден кийин, муну жөн эле өткөрөбүз да

  • 3 года мурун

Бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк академиясынын финансылык эрежелери жөнүндөгү макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Буга байланыштуу Рыскелди Момбеков өз пикирин билдирди.

Бул макулдашуу 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган «Түрк Академиясынын бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төгүмдөрүнүн өлчөмү боюнча Протоколдо» бекитилген, анда 0,5% өлчөмүндө Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү төгүм белгиленген.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Рыскелди Момбеков буларды билдирди:

-Аида Камчыбековна, сиз 6 фракциянын чечими бар деп айтып жатпайсызбы? Булардын баары  жараксыз, легитимсиз, мыйзам да легитимсиз болуп калат да. Эми суранып жаткан экен, билип жатам. Эртең Түркияга  сапар алдында өткөрүп берип кой деп жатат да. Орхан Инандыны өткөрүп бергенден кийин, муну жөн эле өткөрүп беребиз да. Ал жактан маселе болбойт.  Кептин баары кийин маселе болот, -деди Рыскелди Момбеков.

Парламент төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева Момбековго мындайча жооп берди:

-Туптуура айтып жатасыз, Рыскелди Чыныбекович, тийиштүү бардык документти карап, фракция да, комитет да сурамжылоо менен өтүп жатат. Мен да жоопкерчилигимди кылдаттык менен карап жатам, -деди Касымалиева.

 

Депутат Аманкул Токтомамбетов СДПКда бир жылдан бери фракция  өтпөсө, жыйын күнөөлүү эмес, териштирип алгыла, -деди. -Билим берүүгө келгенде … (тоскоол кылбайлы-ред.) добуш берүүгө жөнөтөлү, -деди.

 Талкуудан соң бардык фракциялардын чечимин эске алуу менен үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү жана кабыл алынды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты