Депутат Масалиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси ЖКнын жалпы жыйынына чыгарылабы же жокпу деп суроо салды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси парламенттин жалпы жыйынына чыгарылаар-чыгарылбасы тууралуу суроо берди.  Депутат Масалиев мындай деди:

-Эл аралык маселелер  боюнча жыйын өттү. Ал жерде Өзбекстан-Кыргызстан чек ара маселеси боюнча келишимдин долбоору каралып, кечинде добуш берип кабыл алыныптыр. Ошол маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылабы же чыгарылбайбы, же комитет менен бүтөбү?-деген суроо узатты.

Ага парламент төрагасы Нурланбек Шакиев  мындайча жооп берди:

-Өзүңүзгө белгилүү болгондой, комитеттин чечиминен кийин эки өлкө башчылары аталган келишимге кол койгондон кийин бизге ратификацияга келет, -деди. -Ошондо карайбыз.

Жооптон соң Исхак Масалиев буларды кошумчалады:

-Комитеттин расмий жыйыны мыйзамдын талаптарын бузуу менен өткөн. Себеби каралган маселе, кагаздары үч күн мурун берилиш керек болчу. Келечекте бул чоң маселе туудурушу мүмкүн,-деди депутат Масалиев.

Жогорку Кеңештинэл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду. Комитет жыйынында келишимдин долбооруна 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты