Депутат Маматалиев курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн сапаты тууралуу маселе көтөрдү  

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 15-январда, парламенттин жыйынында депутат Марден Маматалиев Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн сапатына токтолду.

-Бишкекте бир топ жарандар менен жолуктум эле, алар азыркы курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты боюнча маселе көтөрүштү. Мен алыс кетпей эле, бир курулушту карап көрсөм, кыйшык курулуп жатканы көрүнүп турат. Мен жеке геодистти алып келип, тарттырып, көрсөм, (документтери бар) кыйшык чыкты. Бешинчи кабаттан баштап кыйшык, талапка жооп бербейт. Аны жаап, сатып жиберди, жарымын элге да сатып жибериптир. Эми кандай кылабыз? — деди депутат Маматалиев.

Депутат курулуп жаткан ал үйдөн дарегин да айтты, ал үй Бишкекте Айни жана Островский көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жатканы белгиленди.    

Сүрөттө: Марлен Маматалиев. kenesh.kg       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты