Депутат Маматалиев: Бишкекте суу көйгөйүн чечиш үчүн 100 миллион сом керек экен

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 8-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги суунун тартыш болуп жаткандыгы тууралуу маселе көтөрдү

-Маселени чечип беришибиз керек. Биз кантип чечип бере алабыз? Бишкек шаарынын мэриясы эки жылдан бери кайрылып жатыптыр. “Бизге жер бергиле, жаңы “водозаборлор” суу алгычтар керек” деп кайрылып келе жатса, өкмөт чечпей келе жатканынын алкагында, мына, бизде суу жок болуп жатат. Көрсө, 100 миллион сом керек экен, төрт жерден, Сокулуктан жана башка жактан жер керек экен. Ушул маселе чечилсе эле болот эле. Эгерде  мэриянын колунан келбей жатса, өкмөт чечип бере албай жатса, анда ким кылыш керек? Биз киришпесек болбой калды, -деди депутат Марлен Маматалиев.  

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ошондой эле депутат Балбак Түлөбаев да Бишкектеги суу көйгөйү тууралуу сөз кылды. Кечээ, «Арча-Бешик» жаңы конушунун тургундары суу жок болуп жатканынан байланыштуу нааразылык билдирип чыгышты. Бүгүн, парламентте Бишкектеги суу көйгөйү тууралуу маселе каралмакчы болууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты