Депутат Махабат Мавлянова бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышуудан баш тартты

  • 3 года мурун

Алдыдагы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан аттанган 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз жазды. 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 17-октябрдагы отурумунда бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Махабат Мавлянова, Жылдызбек Исакулов, Акыл Курманалиев жана Тынчытбек Абдылдаевдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады.

Белгилей кетсек, Махабат Мавлянова №16 Ноокен шайлоо округунан, Жылдызбек Исакулов №29 Свердлов шайлоо округунан, Акыл Курманалиев №24 Сокулук шайлоо округунан, Тынчытбек Абдылдаев №19 шайлоо округунан ЖКнын депутаттыгына талапкерлигин койгон. 

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты