Депутат Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү боюнча башкы прокурордон ЖКга сунуш түштү

  • 2 года мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү сунушу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланды. Бул маселени кароо үчүн депутаттык комиссия түзүү зарылдыгы келип чыккан. Парламентте депутаттык комиссия түзүлдү.

Депутаттык жыйында кайсы депутатты жана кандай маселе боюнча жоопко тартуу керектиги ачык айтылган эмес. Депутат Дастан Бекешев Твиттер тармагында Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу сунушу башкы прокурордон сунуштама келип түшкөнүн жазды.   

Депутаттар Камила Талиева, Надира Нарматова депутаттык кылмышка тартууга уруксат берүүдөн мурда башкы прокурор Зулушевди парламентке чакырып, анын себебин угуп, анан маселени кароону сунуштады.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Адахан Мадумаров парламентте маселе өзү тууралуу болуп жатканын айтып, депутаттык комиссия түзүүнү суранды.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты