Депутат Култаева Жапыкеевдин Чыңгыз Айтматов тууралуу айткандарына укуктук баа берилиши керектигин билдирди

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 19-январда, Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар жана маданият комитетинин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева маданият министринин орун басары Марат Тагаевге коомчулукта талкууга алынып жаткан Сыймык Жапыкеевдин Чыңгыз Айтматов тууралуу подкаст-маекте айткандарына укуктук баа берилишин талап кылды.      

-Сиздер руханий мурастын мыйзамдуу коргоочусу, улуттук маданияттын коопсуздугун сактоочусуздар. Эмне үчүн биздин улуу жазуучубуз, улуу инсаныбыз туурасында, социалдык тармактарда талдоо болуп жатса, сиздер унчукпай отурасыздар. Биздин жараныбыз, Сыймык Жапыкеев, 200 миң катталуучусу бар подкасттан улуу жазуучубузга, улуу инсаныбызга, маданий мурасыбызга баа берип жатат. Сиздер унчукпай отурасыздар, эмне себептен? Ушул жыйындан пайдаланып, сиздерден талап кылам, буга юридикалык, укуктук баа берилиши керек. Анткени бул биздин эртеңки жаштарыбызга багыт берген, адеп-ахлак берген улуу инсаныбыз жөнүндө ушундай сөз айтып отурса, анда биздин маданиятыбыз каякка барат? -деди депутат Гүлшаркан Култаева.  

Маданият министринин орун басары Марат Тагаев:

-Физикалык саламаттыгын, абалын психикалык ооруканага жаткырып текшерүүгө муктаж адамдан Чыңгыз Айтматов коргоого муктаж эмес деп ойлойм, -деди маданият министринин орун басары Марат Тагаев.  

Жакында журналист Эрнис Кыязовдун ютуб каналына “Кыргыздар Түркмөнстан болбойт!” деген ат менен чыккан маегинде  финансы полициясынын мурдагы төрагасы, генерал Сыймык Жапыкеев Октябрь окуялары, азыркы саясат абалы темасы менен катар, анын арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу чолок көз карашы менен бөлүшкөн.

“Айтматовду окусаң, “сварщик” болсоң, “сварщик” бойдон эле каласың, доктор болсоң, доктор бойдон эле каласың. Бул хидаят бербейт, түрткү бербейт. Маңкурт дегенин мен окуган жокмун. Баары эле укмуш сюжет эмес да. Укмуш жазуучулар болот го окуяны айтып берген. А бул жакта эмне? Эки карышкыр жөнүндө, колхозчулар жөнүндө. «Биринчи мугалим» киносунда деле арзыбаган эле бирдемелер да. Аны окусаң эч нерсе түрткү бербейт, руханий эч нерсе ала албайсың. Мисалы, Брюс Линин киносун көрүп, Брюс Ли болгуң келип кетет го» деди Сыймык Жапыкеев маекте.  

Сүрөттө: Сыймык Жапыкеев. Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты