Депутат Кожокулова энергетика министрине: «Сиз майнинг компанияны лобби кылып жатасыз»

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 4-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өлкөнүн кыш мезгилине даярдыгы боюнча Министрлер кабинетинин отчету каралууда.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Гуля Кожокулова өлкөдөгү майнинг компаниялардын саны, аларга электр энергиясын берүү тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраевге суроо узатты.

Энергетика министри Ибраев өлкөдө бир гана майнинг компаниясы бар экенин, ал Кеминде жайгашканын билдирди. Майнинг компания электр энергиясын Казакстандан алаарын, Кыргызстанга транспортировка үчүн акча төлөөрүн жана салык, социалдык фонд төлөмдөрүн төлөп жатканын айтты.

-Майнинг компаниясы 17 млн 200 квт электр энергиясынын транспортировкасы үчүн эле 4 млн 900 миңдей сом салык төлөдү, -деди энергетика министри.

Кыргызстанда энергетикалык каатчылык маалында аткаминерлер менен байланышы бар майнинг компанияларга электр энергиясы сатылып, муну менен Улуттук энергохолдингдин буйругу бузулуп жатканын көз карандысыз Kloop басылмасы жазып чыкты.

Журналисттер белгилегендей, Кыргызстанда майнинг фермалар өтө көп. Бирок мамлекеттик каржы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, өлкөдө эки гана майнинг компания – “Соларкоин” жана “ВиНЭТ” жоопкерчилиги чектелген коому каттоодон өткөн.

“ВиНЭТ” бизнесмен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, бир нече жеке менчик кичи ГЭСтердин ээси Рахатбек Ирсалиевге таандык. Кыргызстанда жеке ГЭСтер өндүргөн электр энергиясын майнинг үчүн колдонууга уруксат берилген.

Kloopтун маалыматы боюнча “Соларкоин” компаниясы электр энергиясын түздөн-түз “Улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунан сатып алат. 2019-жылы бийлик мамлекеттик энергетикалык компаниялар өндүргөн электр энергиясын майнинг үчүн колдонууга тыюу салган.

2023-жылдын февраль айында “Соларкоин” расмий түрдө электр энергиясын ири өлчөмдө керектеген компаниялардын тизмесине киргизилген. Ал эми май айында айнек өндүрүүчүгө караганда дээрлик жети эсе көп электр энергиясын керектөө менен өлкөдө экинчи орунду ээлеген. Журналисттер белгилегендей, мунун баары өлкөдө электр энергиясы өтө тартыш кезде болуп жатат.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев “Соларкоин” мамлекеттен электр энергиясын сатып албаганын, себеби “Улуттук электр тармагы” акционердик коом экенин билдирген. Бирок журналисттер акционердик коомдун 93,65% акциясы мамлекетке таандык экенин, бул жеке бизнес түзүмү дегенди билдирбей турганын эске салышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты