Депутат “Газпром” абоненттерине төлөмдөрдү көп жиберип жаткандыгы тууралуу маселе көтөрдү
- 4 недели мурун
Бүгүн, 22-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу “Газпром” Кыргызстан, энергетика министрлиги жана Монополияны каршы агенттикти чакыралы деген сунуш келтирди. Анткени “Газпром” Кыргызстан өздөрүнүн эсептөө жабдыгы иштебегендиктен, кардарларга жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдү үч айдын эсебин бир төлөтүүгө жиберип жатканы тууралуу билдирип, тиешелүү жетекчилер менен талкуулап, бул маселенин аныгына жетүүгө чакырды.
— Азыр октябрь-ноябрь айларына “Газпром” эсептегичтерди эки айдыкын кошуп, үч айдын квитанциясын бир жиберип жатат. Бул жерде расмий триметриянын бузулгандыгынан улам, көп абоненттердин реалдуу көрсөткүчтөрү түшпөй калган деп белгилеп жатат. Үчүнчү айда триметрия иштеп калыптыр, анан үч айдын чегин абоненттерге бир жиберип жатат. Ушул боюнча түшүндүрмө алсак. Башында алар триметрия иштебей калгандыктан, эсептегичтер көп чыгып калып жатат деп өздөрү айтып жатат. Ушул маселе боюнча тиешелүү кызмат адамдарын комитетке чакырабызбы же жыйынга чакырабызбы, сунуш айтайын дегем. Анткени пенсионерлер, көп балалуулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар, “Газпром” төлөмдөрдө көп кылып жатат, -деди Улукбек Карыбек уулу.
Кардарлар жаратылыш газы үчүн төлөмдөр көп чыгып жатканына нааразылык билдиришүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




