Демократиялык дөөлөттөрдүн жолунан кайтпайбыз. Президенттин куттуктоосу (Видео)

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаңы, 2022-жыл менен куттуктады.

Куттуктоосунда Президент демократиялык жолдон кайтпай, анын принциптери бекем сактала турганын белгиледи:   

Эл менен буга чейинки жолугушууларда белгилегенимдей, шайлоолор — өлкөдөгү жаңы Конституция кабыл алынгандан кийинки ири саясий өнөктүктөрдүн соңкусу, анын саясий логикалык жыйынтыгы десек туура болот. Биз эч качан демократиялык дөөлөттөрдүн жолунан кайтпайбыз, анын принциптерин бекем сактайбыз!,- деди Президент.

Президент  Баткен жергесиндеги кейиштүү окуяларды эскерип, анда  курман болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты  

Мамлекет башчы өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык маселелерге токтоолду.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер жаңы жылдан баштап 50 тыйындан эсептеле баштайт. Бул аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлөгө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү дегенди билдирет, -деди.

2022-жылы Кыргызстанда өтө турган кезектеги  дүйнөлүк Тоо саммитин жогорку деңгээлде өткөрүү милдети алдыбызда турганын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты