DemirBank «Керемет банк» менен транзакцияларды жүргүзүүнү токтотконун билдирди

  • 2 года мурун

31-январдан тарта DemirBank «Керемет Банкка» транзакцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу DemirBank билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 31-январдан тартып DemirBank аркылуу чет өлкөлүк жана улуттук валютада «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун (ААК) кардарларынын пайдасына төлөмдөрдү жана которуу операцияларын жүргүзүү токтойт. Ошондой эле мындан ары «Керемет Банк» ААКунун кардарларынан DemirBankтын кардарларынын пайдасына төлөмдөр кабыл алынбайт.

«Ошол себептүү DemirBankтын кардарлары үчүн «Керемет Банк» ААКунун кардарларынын кардарларынын пайдасына төлөмдөрдү жана которуу опреацияларын жүргүзүү кызматтары жана ал банктын кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу жана которуу операцияларын жүргүзүү кызматтары жабык болот»,- деп айтылат маалыматта.

DemirBank кардарларынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Эске салсак, 15-январда АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы «Керемет Банк” банкына санкция салган. Анда аталган мекеме “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты