Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол бербеш керек. Түлөбаев менен Айжигитов мөңгүлөрдү сактоо тууралуу  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 10-февралда, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», Суу кодексинин долбоору жана суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда депутаттар Балбак Түлөбаев жана Султанбай Айжигитов  Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн сактоого чакырды.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Балбак Түлөбаев жаңы суу кодексинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эмне себептен алынып калганы боюнча суроо узатты.

-Азыр “Кумтөр” бизге өттү да. Биз экологияны, мөңгүлөрдү сактайбыз, Давыдов менен Лысыйды сакташ керек дебедик беле?-деди Балбак Түлөбаев.

Депутат Султанбай Айжигитов Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн учурдагы абалын, ага таасир этүүчү экологиялык факторлор боюнча тиешелүү министрликтердин маалыматын сурады. 

-Мындай мыйзам долбоорунун эмне кажети бар, эки мөңгүнү бузууга уруксат берип жатабыз да. Бул мыйзам долбоорун четке кагыш керек,-деди депутат Айжигитов.

Депутат Алишер Эрбаев Министрлер кабинети сунуштаган баштапкы долбоордо Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү камтылганын эске салып, аны кошуп кетүүгө чакырды.

Экологдор «Кумтөрдөгү» ар кыл жардыруулар, муздарды бир орундан экинчи жайга көчүрүү мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин билдирип келишет.

Аталган комитет Суу кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.  

Депутаттардын суроолоруна суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев баштаган тиешелүү министрликтин өкүлдөрү жооп беришти. 

Ошондой эле отурумда Жер кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун карап, үчүнчү окууда колдоого алды. Талкууда депутаттар дача тибиндеги конуштарга статус берүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты