Дарыяга түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

8-ноябрь күнү саат 17:41де «102» кызматынан Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Нарын дарыясына Табылгыты айылынын жашоочусу, 2007-жылы туулган Б.к.Д. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, 9-ноябрда улантылган.

Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБнөн 16 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 36 киши (алтоо ат менен) , туугандары , жалпы 69 киши саат 08:28де жерине жетишип, Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта Нарын дарыясынын эки жак жээгинде 2 топко бөлүнүшүп издөө иштерин жүргүзүштү.

9-ноярда саат 10:45те Б.к.Д.нын сөөгү Сары-Булуң айыл аймагында, Нарын дарыясынан табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дарыяга түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы.

Дарыяга түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты