Дарыгерге кол көтөргөн бейтап кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы реаниматолог-врачка кол көтөрүүгө шектүү бейтап аялды кармады.

Буга чейин социалдык тармактарда аял медицина кызматкерин сабап жаткан видео тасма тараган.

Текшерүүдө окуя 19-августта болгону аныкталган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгына 1997-жылы туулган З.И. кайрылып, И.Ж. аттуу жаранга чара колдонууну өтүнгөн. 19-августта болжол менен саат 4:00дө Чүй райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бейтап И.Ж. ага кол көтөргөн.  

Бул факты Чүй райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси, бейбаштык боюнча катталган.    

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 19-августта болжол менен саат 1:00дө спирттик ичимдикке уулануу диагнозу менен И.Ж. ооруканага түшкөн, саат 4:00төрдө өзүнө келип, ооруканадан чыгып кетүүнү чечкен. Оорукана кызматкерлери анын туугандары келип, алып кетмейинче жалгыз жибербей турганын айтканда, И.Ж. врач-реаниматологду сабап, ооруканадан кетип калган.   

Милиция кызматкерлери И.Ж.нын жүргөн жерин аныктап, Чүй ИИБине жеткиришти.  Тергөө иштери уланып жатканы айтылды.   

Сүрөт: Видеодон скриншот. Бермет Барыктабасова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты