Ысык-Көл районунда аялын өлтүрө сабаган айыпталуучуну судья сот залынан бошотуп жиберди      

“Тез жардам” кырктын кырынан эми эле ашкан  келинди  оор абалда ооруканага жеткирди. Бети-башы шишип кеткен 44 жаштагы С. Т. күйөөсү К.нын сабаганын эптеп айтканга жетишти. Жергиликтүү врачтар анын акыбалы оор экенин  борбордогу адистерге билдиришти. Эртеси  Бишкектен келген  нейрохирургдар аман алып калууга мүмкүн эмес экенин айтышты.

Аялын аеосуз сабаган К. Ш.кадимкисиндей иштеген жерине — “Бакай” банктагы башкы эсепчи кызматына эч нерсе болбогондой,  отуруп иштеп калган.

Алмакан, сиңдиси (Аты өзгөртүлдү):

“Мен жетинчи класста окуган кезимден эле  ушул эжемдин колунда болдум.  Үч балалуу болуп, алар чоңойгуча эле бечара эжемди дайым  уруп-сабап келген. Эми баласына асыла баштаганда 2016-жылы ажырашып кеткен. Караколдо иштеп, сонун эле жашап, балдарын чоңойтуп, окутту. Тиги киши болсо башка бирөөгө үйлөнүп, балалуу  болуптур деп укканбыз. Былтыртан баштап  эжем “балам үйлөнөм деп жатат, куда күтүп калсак, атасы жок, жалгыз бой аял экен дешет го… балдарым жер карап калат го…”дей баштады.

“Ажырашкан силер эле экенсиңерби, ушундай эле тынч жашай бербейсиңерби” деп баарыбыз эле айттык. Көрсө, кийинки аялын да уруп-сабаганда ал соттотуп жибере жаздап, акыры алдына түшүп, машинесин берип атып ажырашыптыр. Жарашып кайра жашай баштаганына 2 ай эле болгон”…

Жолдош иниси (Аты өзгөртүлдү):

“Эми туугандары мунун  үйүн сатып, түрмөдөн куткарып калабыз деп жан талашып жатышыптыр. Макул, камалбай чыгып кетсин, бирок Жараткандын жазасынан кантип кутулат?Балдарын өмүр бою кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылды, эң башкысы-энесиз калтырды.

Салкын, сиңдиси (Аты өзгөртүлдү):

“Эжем байкуш жан талашып баласына телефон чалыптыр. Ал “качып кет” деген экен. Качайын десе керек, кийим кечесин бир пакетке салып камдап коюптур. Баласы атасына телефон чалып “апам кайда?” деп сураса “уктоочу бөлмөдө, коңурук тартып жатат” деп жооп бериптир, көрсө ошондо эле эжем кыйналып жаткан окшойт. Аны карабай, “Тез жардам” чакырбай, башка бөлмөгө кирип жатып алыптыр. Балким дароо врачтарды чакырганда аман алып калышмак беле? Үйдө бир күн, ооруканада эки күн кыйналып жатты…

“Табышмактын” жообу кай жерде?

Абакта отурган ал алгачкы тергөө учурунда “күнөөмдү толук мойнума алам, сабаганым чын, арак алып келип, жарым бөтөлкө ичкем” деген көрсөтмө берген. Кийин ал көрсөтмөсүн өзгөртүп,  “Балыкчыга  барып келгенбиз, жаман болуп атам дегенинен арак куюп бергем, бир-эки жолу эле чаап койгом, билбей калдым, эсимди жоготуп коюпмун, уктап калгам” деген.  

Бул жерде айыпталуучуну кандай да болсо актап чыгуунун аракети жүрүп,  “аффект” абалында болгон деген жылчыкты издеп табышкан.

Эки жыл мурда козголгон бул кылмыш иши боюнча  Ш.га соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп, ага республикалык психиатрия жана наркология борборунун жогорку категориядагы эксперт- психиатрлары Д. Султанова, Н.Шейитов, Л. Саломахина катышып, “психикалык оорусу жок, кылмыш жасап жатканда акылын жоготкон эмес, акыл-эси жайында” деген чечим чыгарган.

Кайталап экспертизага бергенге эмне себеп болгону белгисиз, экинчи жолу,  2023-жылдын 13-декабрында (окуя болгондон 7 айдан кийин)  курамында Ж.Аралбаев, .Мукамбетов, Ж.Караева, В. Тереховадан турган топ экспертиза жүргүзүп,  ушундай эле чечим чыгарышкан.

Аларга айыпталуучу  “200-300 граммдай арак ичкем, аялым уруша баштаганда бетке бир ургам, эшикке чыгып кайра келсем дагы уруш токтогон жок, кандай урганым эсимде жок, түнкү саат бирде балам  чалып, телефонду апама бер деп сурады. Аялымдын жанына келсем, коңурүк тартып жатыптыр” деп жооп берген.

Бул экспертизанын соңунда эксперт, психология магистри  В. Терехова айыпталуучунун айтып бергенинин негизинде “ ачууга алдырып койгон, эмне кылып жатканын бүдөмүк  болгон” сыяктуу  божомолдорго таянып “физиологиялык аффект абалында болгон” деген жыйынтык чыгарган.

Бул да жетишсиз болгонбу, эми эксперт-психиатрлар Г. Бектурова, Ю.Чигаева, Л.Останина,Ч. Абдуллаева курамындагы комплекстүү соттук-медициналык  үчүнчү экспертиза  дайындалат.

Бул аракет кылмышкердин жазасын жеңилдетүүгө же таптакыр эле кутулуп кетүү аракетине багышталгандай туюлат.

Бул сунушка мамлекеттик айыптоочу Ф. Келгенбаева жана жабырлануучунун адвокаты  каршы болгонуна карабай сот үчүнчү жолку экспертизага уруксаат берет.

Сот Н.Дыйкановдун аныктамасынын негизинде эми мамлекеттик айыптоочу К.Жунушалиев окуя болгондон 11ай өткөндөн кийин комплекстүү психологиялык- психиатриялык экспертиза өткөрүүнү белгилейт.

Эксперттик комиссия, Г.Бектурова, Ю.Чигаева, Л. Останина бул жолу да кылмыш жасаган учурда Шайбыровдун “эс акылы жайында болгон” деген бүтүм чыгарышкан. Эксперт Ч. Абдуллаева айыпталуучунун берген жоопторунун негизинде капа болуп кыжалатта жүргөн, чаалыккан, уруш-жаңжалдан тажаган адамдын портретин түзүп, чатак учурунда өзүн кармай албай, бир саамга эмне кылып жатканын билбей калган- физиологиялык аффект абалында болгон деген жыйынтык чыгарган.

Албетте, адамдын реалдуу ички  акыбалын дээрлик бир жылдан кийин так аныктоо мүмкүн эмес. Демек, бул бүтүм соттук териштирүу учурунда чечүүчү роль деле ойной албасын жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочу да айтып өттү.

Процесс

Ысык-Көл райондук сотунда бул кылмыш иши  2023-жылдын 23- майында болмок. Саат экиге белгиленген процесс создуктурулуп, аны “конвой кечигип жатыптыр” деп түшүндүрүштү Судья Н. Дыйканов улам кирип-чыгып, тынчы кетип жатты.  “Сезим” борборунун укук коргоочулары да отурганын көрүп жактыра беришпеди.

Жактоочусу пробацияга (демек эркиндикке) чыгарууну сурады.

Мамлекеттик айыптоочу жаза мөөнөтүн он жыл эркинен ажыратууну суранды.

Иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу кийинки процесс 26-майга белгиленди.

Үч күндөн кийин райондук соттун судьясы Н. Дыйканов кылмыш-жаза кодексинин 133-статьясы боюнча күнөөлүү деген чечим чыгарып, 2 жылга эркинен ажыратты, бирок анын камакта отурган 2 жылынын бир күнүн эки деп эсепке  алып,  сот залынан бошотту.

Албетте, жабырлануучунун  мыйзамдуу өкүлү   жогорку сот инстанцияларына аппеляциялык арыз берет.

Дарика Сатыбалдиева

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты