Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлдү

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн уюштуруу комитетин түзүү боюнча тескемеге кол койду.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалды.

Уюштуруу комитетине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу, спорттук бөлүк боюнча оюндардын эрежелерин бекитүү, пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымды эсептеп чыгуу тапшырмасы берилди.

2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн. 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты