Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун маданий мурастарды сактоо тизмесине киргизилди

  • 3 года мурун

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарды сактоо тизмесине киргизилди.

Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз улуттук тарых музейинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүү маселеси онлайн форматта каралды.

Анын жыйынтыгында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитети Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын аталган тизмеге киргизүүнү колдоду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 13-декабрдан 18-декабрга чейин ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Париж, Франция) онлайн форматта материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясы өтүүдө.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” — бул тизмедеги Кыргызстан тарабынан сунушталган биринчи номинация.

Ккомитеттин жыйынында быйыл жалпысынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралып жатат. Анын ичинде “Италияда трюфельдерди издөө жана казып алуу: салттуу билимдер жана тажрыйбалар”, “Голландиядагы гүлдөр жана мөмө-жемиштердин фестивалы”, “Таиланддын түштүгүндөгү Нора бий драмасы” жана башка номинациялары бар.

Номинацияларды ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү эл аралык деңгээлде материалдык эмес маданий мурастарды кеңири жайылтууга салым кошууну көздөйт.

Учурда ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине дүйнөнүн булуң-бурчунан материалдык эмес маданий мурастын 601 элементи, анын ичинде Кыргызстандан “Манас” эпосунун үчилтиги, «Кыргыз ак калпактарынын эркек баш кийимин жасоодогу салттуу устачылык» бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты