Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы 31-августта башталат

  • 3 месяца мурун

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети кезектеги оюндар Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөрүн жарыялады.  

Оюндун салтанаттуу ачылышы Бишкекте болот, ал эми оюн Ысык-Көл облусунда өтмөкчү.  Оюндарга дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн катышуучулар катышмакчы.  

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул Кыргызстандын ири долбоору. Ал 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өтүп, 2020 жана 2021-жылдары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырып, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөн.

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин байыркы көчмөн элдердин оюндары түзөт.

2021-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Иллюмтрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты