Дүйнөлүк бешинчи көчмөндөр оюндары сентябрда Астанада өтөт
- 9 месяцев мурун
Дүйнөлүк V көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт.
Бул тууралуу Казакстандын туризм жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Алар ат чабыш, күрөш, жаа атуу сыяктуу спорттун негизги 20 түрү жана 10 көрсөтмө түрү боюнча ат салышат.
Астананын так ортосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы” этно-айылы казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле оюнга катышкан өлкөлөрдүн маданияты менен таанышуу аянтчасына айланат. Этно-айыл күнүнө 30 миңдей конок батыра алат.
Иш-чара “Улуу талаа дүбүртү” деген ураан алдында өтөт.
Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.
Сүрөт: president.kg