Астана шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммити өттү
- 4 недели мурун
- Баяндар
Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитинде сөз сүйлөдү.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында айтылат.
Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт. Иш-чарага Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.
Маалыматта белгиленгендй, Жапаров өз сөзүндө Борбор Азия менен Кытайды кылымдардан бери келе жаткан тарыхый, соода жана маданий алакалар байланыштырып турганын белгиледи. Ал биргелешкен аракеттердин аркасында достукту жана ынак коңшулаштыкты чыңдоодо, стратегиялык өнөктөштүктү орнотууда жана өнүктүрүүдө эбегейсиз жол басып өтүлгөнүн өзгөчө белгиледи.
Садыр Жапаров акыркы эки жылда бул формат практикалык мазмунга, жаңы демилгелерге жана багыттарга толгонун баса көрсөттү.
“Биз бүгүнкү жолугушуубуздун форматын биринчи кезекте өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө байланыштарыбызды бекемдөөгө жаңы дем берүү үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк деп эсептейбиз” деди.
Президент Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн алты негизги багытын белгиледи: транспорттук жана транзиттик байланыш, энергетика, каржы жана электрондук коммерция, билим берүү жана илим, туризм, ошондой эле коопсуздук чөйрөлөрү.
Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:
— Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим;
— “Борбор Азия – Кытай” экинчи саммитинин Астана декларациясы.
Мындан тышкары бир катар документтерге кол коюлду:
— Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай ведомстволору менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
— “Борбор Азия – Кытай” экономика жана соода министрликтеринин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча иш-чаралар планы;
— “Борбор Азия – Кытай” экономика жана соода министрликтеринин ортосундагы тоскоолдуксуз соода жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— “Борбор Азия – Кытай” “жашыл минералдар” жаатында инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— “Кытай – Борбор Азия – Европа” темир жол экспресс каттамдары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум;
— Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы “Бир алкак, бир жол” демилгесин жогорку сапатта ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;
— “Борбор Азия – Кытай” форматынын алкагында жарандардын өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү демилгеси;
— 2025-2026-жылдарга карата биргелешкен маданий-гуманитардык иш-чаралардын программасы;
— Борбор Азия мамлекеттеринин бажы кызматтары менен Кытай Эл Республикасынын Бажы башкы башкармалыгынын ортосундагы бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Борбор Азия өлкөлөрүнүн бажы кызматтары менен Кытай Эл Республикасынын Бажы башкы башкармалыгынын ортосундагы интрузивдик эмес текшерүү жана сүрөттөрдү интеллектуалдык таануу боюнча техникалык кызматташуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда эл аралык ташууларга уруксат берүүлөрдү жеңилдетүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Туруктуу транспорт чөйрөсүндө гуманитардык алмашуулар жаатында кызматташтыкты чыңдоо боюнча Кытай жана Борбор Азиянын транспорт органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактары менен КЭРдин ортосунда, анын ичинде Бишкек шаары менен Сычуань провинциясынын ортосунда да боордоштук мамилелер түзүлдү.
Сүрөт: president.kg