Астанада Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу өттү   

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Астана шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Кытай» саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашты.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытай тарап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өзүнүн потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жогору бааларын жана колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Президент Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса көрсөттү. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганын .белгиледи.

 Мамлекет башчысы көп жактуу кызматташуу темасына токтолуп, эки өлкөнүн көптөгөн эл аралык аянттардагы жемиштүү өз ара аракеттешүүсүнө токтолду. 

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты