Crude Accountability уюму түркмөн режимин клептократия деп атады

  • 2 года мурун

Түркмөнстан мамлекеттик кирешелери уурдалып, өлкө президенти пайдасыз ири долбоорлор үчүн миллиарддаган доллар короткон үлгүлүү клептократия болуп эсептелет.

Бул тууралуу эл аралык Crude Accountability уюмунун Түркмөнстан тууралуу баяндамасында жазылган.

Анда Түркмөнстандагы азыркы экономикалык каатчылык – бюджеттеги каражат ыксыз колдонулгандыгынын далили экени белгиленген.

Баяндаманын авторлору дүйнөдөгү экономикасы ачык эмес деп эсептелген бул өлкө президент Гурбангулы Бердымухамедовдун тушунда мурдагыдан да жабык болуп калганын белгилешкен.

Бердымухамедов өлкөнүн мунайгаз тармагынын түзүмүн өзгөртүп, Көмүр суутек ресурстарын колдонуу жана башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикти жоюп, анын ордуна НАПЕКО деп аталган жабык мамлекеттик компания түзгөн. Ал өз ишмердүүлүгү, кирешеси, чыгашасы жана башкармалыгынын курамы тууралуу эч кандай маалыматтарды жарыялабайт.

Өлкөдөгү негизги бизнес-түзүмдөр да президенттин үй-бүлөсүнүн көзөмөлүндө. Акыркы жылдары Бердымухамедовдун уулу Сердар мураскерликке даярдалып жатканы айтылып келет.

«Президенттин үй-бүлөсүнөн тышкары өлкөдөгү эң таасирдүү адам — бул мамлекет башчынын кеңешчиси Виктор Храмов. Ал бул кызматын мурдагы президент Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин да сактап калган. Мындан тышкары Бердымухамедовдун мунай жана газ маселелери боюнча кеңешчиси Игорь Макаров да президенттин жакын санаалашы болуп эсептелет жана ага каржы иштеринде жардам берет», — деп жазылган Crude Accountability уюмунун баяндамасында.

Анда түркмөн режиминин негизги өзгөчөлүктөрү катары репрессиялар, ишенимдүү экономикалык маалыматтардын жоктугу, каржы системасы менен экспорттук келишимдердин ачык эместиги, ошондой эле сөз эркиндиги менен саясий плюрализмдин жоктугу белгиленген.

Түркмөнстандын өкмөтү экономикалык өсүштөр, улуттук бюджет, мунайгаз тармагынан түшкөн кирешелер жана өлкөнүн валюталык резервдери тууралуу чыныгы маалыматтарды жарыялабайт.

Эл аралык каржы уюмдарынын маалыматына караганда, 2015-жылы Түркмөнстандын валюталык резерви 35 миллиард долларды түзгөн.

Ошол эле маалда Түркмөнстандагы коррупциялык жана репрессиялык режимге карабастан, көптөгөн компаниялар бул өлкөдө бизнес жүргүзүүгө аракет кылып келишет. Алардын эң ийгиликтүүлөрү – Polimeks, Bouygues, Calik Holding, Itera/Areti – өлкө президенти менен болгон жеке байланыштарынын аркасы менен ийгиликтерге жетишкен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты