COVID-19га чалдыккандардын саны өстүбү? Министрликтин жообу

  • 3 года мурун

Бүгүн, 5-январда, COVID-19дун 152 учуру катталган. Бул акыркы үч айга салыштырмалуу болжол менен 3-3,5 эсе көп. Муну саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча катталган учурлардын мындай саны лабораториядагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу топтолгондугу менен байланыштырды.

“31-декабрда, 1-2-январда лаборатория кызматкерлери эс алышты. Дүйшөмбүдөн тартып иштей башташты. Бүгүнкү маалыматтар – бир нече күндө топтолгон анализдердин жыйынтыгы” деди саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов.

Анын айтымында, азырынча оорунун кыйла өсүшү белгиленген жок. Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалды талдоодо.

Кандай болгон шартта дагы жарандарга санитардык эрежелерди сактоо – беткап тагынуу жана колду туура жуу сунушталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты