COVID-19: Түркмөнстанда жүргүнчүлөрдөн ПЧР-тест талап кылуу уланууда

  • 11 месяцев мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 пандемиясы аяктаганын жарыялаганына карабастан, Түркмөнстанда коронавирустук чектөөлөр алына элек. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Радионун кабарчылары ушул күндөрү чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Түркиядан учуп келген жүргүнчүлөрдөн милдеттүү түрдө коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттин жыйынтыктары талап кылынып жатканын билдиришти.

Жүргүнчүлөр мындай тесттерди Ашхабад аэропортунда тапшырып, жыйынтыгын үч сааттан кийин алып жатышат. Тесттин баасы 130 манатты түзөт. Бул Түркмөнстандын Борбордук банкы белгилеген курс боюнча 37 АКШ долларына барабар.

Ошол эле маалда аэропорттогу медиктерге бир киши үчүн 50 доллардан берип, тест тапшырбастан эле өлкө аймагына кирип жаткандар да бар экени айтылууда.

«Медицина кызматкери чет өлкөдөн келген айрым жүргүнчүлөрдөн 50 доллардан алып, тест тапшыртпастан эле өткөрүп жиберүүдө. Тест тапшыргандар анын жыйынтыгын үч саат күтсө, 50 доллар бергендер дароо эле кетип жатышат» деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жүргүнчүлөрдүн бири.

ДССУ 5-майда расмий түрдө дүйнөдө коронавирус пандемиясы аяктаганын, COVID-19 эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал болбой калганын билдирген.

Түркмөнстандын бийлиги бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында коронавирус жуктурган бир да учур катталбаганын билдирип келет. Бирок көз карандысыз булактар пандемия учурунда Түркмөнстанда COVID-19дан бери дегенде эле 25 миң киши өлгөнүн билдиришкен. Өлкөнүн расмий бийлик өкүлдөрү бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Иллюстрациялык сүрөт. Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты