COVID-19: оору жуктургандар катталган жок

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы суткада илдеттен жети бейтап сакайып чыкты, дагы 14 киши дарыланууда. Каза болгондор катталган жок.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 393 киши айыгып чыкса, 2 миң 991и каза болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты