COVID-19: «Кызыл зонада» мобилдик топтор иштөөдө

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында бир сутканын ичинде коронавирус жуктургандардын саны 345ке жетип, «омикрон» штаммы да катталгандыктан «кызыл зонага» кирди.

Башкалаада вирус жугузгандардын ичинен 303 бейтаптын оорусу жеңил формада, 42 кишиде коронавирус симптомсуз өтүүдө. 32 адам ооруканага жаткырылды.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда тогуз мобилдик топ иштеп, 118 кызматы телефондон бейтаптарга кеңеш берүүдө. Борбор шаардагы мындай кырдаалдан улам калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камсыздоону жогорулатуу, коомдук жайларда, өзгөчө транспорт, соода борборлорунда, тамактануу жайларында, оюн залдарында эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү жана чектөө чараларын киргизүү каралууда.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарында вирус жуктургандар көбөйүп жаткандыктан кошумча 400 орун даярдалганын кабарлаган.

12-январда Кыргызстанда коронавирус жуктургандар акыркы беш айдагы рекорддук чекке жетип, 465 адамдан аныкталды. Алардын басымдуусу Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары. Бул ооругандар тууралуу расмий гана эсеп.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты