Бишкек шаары «кызыл зонада». Республикалык штаб бир катар тапшырмаларды койду

  • 2 года мурун

12-январга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан “сары зонада”, ал эми Бишкек шаары “кызыл зонада” турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Буга байланыштуу калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу, коомдук жайларда эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, чектөө чараларын киргизүү жана сактоо тапшырмалары берилди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-январда Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы аныкталганы белгилүү болду.

Жаңы жылдан тарта өлкө аймагында вирус жуктургандардын саны кескин өсүп жатат. 12-январга карата 465 жаңы учур катталып, эки бейтап көз жумду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты