COVID-19: Кыргызстанда 91 учур катталды

  • 2 года мурун

16-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун 91 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 75;

Ош шаарында – 5;

Талас облусунда – 1;

Ош облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 1;

Чүй облусунда — 8 учур аныкталган.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.

3 учур — сырттан келгендерден чыкты.

63 киши оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан.

21 киши ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.

Жаш курагы боюнча:

6 жашка чейин — 7 (7,7%)

7-17 жаш — 7 (7,7%)

18-29 жаш — 11 (12,1%)

30-64 жаш — 53 (58,3%)

65 жаштан жогору — 13 (15,4%).

Амбулатордук дарыланууда — 85 киши, ооруканада жаткандар — 16.

16-июлга карата тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл аймакта турушат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 505 учуру катталган, адам өлүмү учурлары 1,5%.

2022-жылдын 6 ай 15 күндө COVID-19дун 16 757 учуру катталган, анын ичинде 14 763 (88%) лабораториялык жана 1994 (12%) клиникалык-эпидемиологиялык  (белгилерин жана ооруга чалдыккандар менен байланышын эске алуу менен) тастыкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты