COVID-19: Эки адамдын өмүрүн алды, 107 жаңы учур катталды

  • 3 года мурун

12-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 107 жаңы учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 64;

Ош шаары – 1;

Чүй облусу – 20;

Ош облусу – 0;

Талас облусу – 2;

Нарын облусу – 0;

Ысык-Көл облусу – 10;

Жалал-Абад облусу – 9;

Баткен облусу – 5.

Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 182 197ге жетти.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 105. Жалпы — 176 615.

Каза болгондор — 2, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2699.

Стационарда 557 жана амбулатордук түрдө 792 киши дарыланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты