COVID-19 үч адамдын өмүрүн алды, 60 жаңы учур катталды

  • 2 года мурун

19-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 60 жаңы учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 31;

Ош шаары – 1;

Чүй облусу – 8;

Ош облусу – 6;

Талас облусу – 0;

Нарын облусу – 0;

Ысык-Көл облусу – 8;

Жалал-Абад облусу – 1;

Баткен облусу – 5.

Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 182 727ге жетти.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 89. Жалпы — 177 289.

Каза болгондор — 3, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2718.

Стационарда 538 жана амбулатордук түрдө 650 киши дарыланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты