COVID-19: Беш адам каза тапты. 201 жаңы учур катталды
- 3 года мурун
2-февралга карата Кыргызстанда COVID-19дун 201 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 104;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 12.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 198 719га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 632. Жалпы — 188 775.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны — 5. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 889.
Стационарда 996 жана амбулатордук түрдө 4 530 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү