COVID-19: Бардык аймактар «жашыл зонада». Бирок оору көбөйө баштады
- 2 года мурун
13-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун 28 учуру катталган. Анын ичинде экөө АКШ жана Казакстандан келгендер.
Аныкталгандардан:
27 киши оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан.
10у өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.
Анын ичинде:
Бишкек шаарында – 20;
Ош шаарында – 4;
Ысык-Көл обусунда – 3;
Ош облусунда – 2;
Чүй облусунда – 10.
Аныкталгандардын ичинен 14ү COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн.
Амбулатордук дарыланууда — 34, оорукана жаткандар — 5.
13-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Бирок акыркы жумада эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден жогору, бул оорунун көбөйө баштаганын көрсөтүп турат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 282 учуру катталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.