COVID-19: 46 адамдан аныкталды, үч бейтап көз жумду
- 2 года мурун
12-февралга карата Кыргызстанда COVID-19дун 46 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 31;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 2.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 066га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 236. Жалпы — 192 971.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны — 3. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 2 930га жетти.
Стационарда 485 жана амбулатордук түрдө 2 119 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү