COVID-19: 205 жаңы учур катталды. Төрт бейтап көз жумду
- 2 года мурун
31-январга карата Кыргызстанда COVID-19дун 205 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 123;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 26;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 23;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 13.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 198 316га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 596. Жалпы — 187 596.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны — 4. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2 880.
Стационарда 1 080 жана амбулатордук түрдө 5 238 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү