COVID-19: 14 жаңы учур катталды, 2 бейтап көз жумду
- 2 года мурун
24-февралга карата Кыргызстанда COVID-19дун 14 жаңы учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаары – 9;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 0;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 0;
Ысык-Көл облусу – 0;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 0.
Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 402ге жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 137. Жалпы — 194 664.
Бир сутка ичинде каза болгондордун саны — 2. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 2 970гө жетти.
Стационарда 207 жана амбулатордук түрдө 1 008 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү