COP28 жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров билдирүү жасады

  • 5 месяцев мурун

Дубайда өткөн климат боюнча COP28 саммитинин жыйынтыгында 200дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрү мунай колдонууну азайтууну макулдашты. Эки жумага созулган иш-чаранын соңунда келишилген макулдашуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүшүн чектөөгө багытталаган.

Садыр Жапаров билдирүүдө 30-ноябрдан 12-декабрга чейин Дубайда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын (COP28) тарыхый жыйынтыктарын кубаттай турганын билдирди.  

“Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу келтирилген зыяндын жана жоготуулардын ордун толтуруу үчүн фонд түзүү чечимин өзгөчө белгилейбиз, бул климаттык чакырыктарга адилеттүү жооп кайтаруу үчүн маанилүү кадам болуп саналат” деди Садыр Жапаров.

Конференцияда метандын чыгындыларын азайтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын кубаттуулугун жогорулатуу, айыл чарбасына туруктуу тажрыйбаны интеграциялоо жана башка аракеттерди камтыган түрдүү тармактарда олуттуу жылыштар белгиленди. Кыргызстан үчүн “Тоолор жана климат” жаңы глобалдык диалогун ачуу боюнча биздин демилгебиздин консенсустук колдоосун алышы өзгөчө маанилүү.

“Бул жаңы диалог — биздин чоң жеңишибиз. Ал тоо экосистемаларынын глобалдык климаттык системадагы өзгөчө ролун тааныйт. Талыкпаган эмгеги жана берилгендиги менен бул максатка жетүүгө жардам берген бардык дипломаттарга жана кызматкерлерге рахматымды айтам. Демилгени жана тилектештикти илгерилетүү боюнча биргелешкен иши үчүн тоолуу топтун катышуучу-өлкөлөрүнө өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

Бекитилген “Тоолор жана климат” диалогу БУУнун тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер планынын иш-чараларында өзгөчө орунду ээлеп, биздин мындан аркы ишибиздин негизин түзөт” деп айтылат билдирүүдө.

Кийинки COP конференциясы Азербайжанда өтөт.

Расмий сүрөт. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты