CNN телеканалынын негиздөөчүсү Тед Тернер дүйнөдөн өттү

  • 1 месяц мурун

Америкалык бизнесмен, филантроп, CNN телеканалынын негиздөөчүсү Тед Тернер 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Тед Тернер 1938-жылы АКШнын Огайо штатынын  Цинциннатти шаарында 1938-жылы 19-ноябрда туулган. 1960-жылы ал атасынын компаниясындагы бир бөлүмдү жетектеп иштей баштаган. Атасы каза тапкандан кийин агенттикти жетектеп калган. Тед Тернер агенттикти кеңейтип, бир нече радиостанция, телеканал сатып алып, медиа компания түзүп, аны  Turner Broadcasting System деп атаган.

Телеканал алгач эски фильмдерди сатып алып көрсөтө баштаган. Кийинчерээк улуттук теле берүүлөр АКШ боюнча көрсөтүлүп турган. 1970-жылдардын аягында Тернер жаңылыктарды күнү-түнү берип турган телеканалды чыгарган. Ошентип, 1980-жылдардан баштап, CNN жаңылыктарды тез арада берип турган каналга айланып, кийинчерээк түз эфирлерди уюштурган.

1990-жылы Перс булуңундагы согушту CNN түз көрсөтүп, согушту түз чагылдырган биринчи теле канал болуп калган.

1996-жылы Time Warner Inc. компаниясы Turner Broadcasting System компаниясын 7,5 миллиард долларга сатып алып, Тернер анын вице-төрагасы болуп калган. Кийин ал AOL интернет компания менен бириккен. Тернер компаниянын вице-президенти болгон, бирок эки жылдан кийин ал кызматтан кеткен.

Тернер кайрымдуулук иштери менен алектенип, кыргын салган курал чыгарууга каршы турган, экологияны сактоо долбоорлоруна катышып келген.   

Сүрөттө: Тед Тернер. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты