Цирк маданият министрлигинен мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлдү

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагынан чыгарылып, мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 28-февралда токтомго кол койгону тууралуу «Эркин тоо» гезитинин сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өтөт.

Буга чейин мамлекеттик цирктин директору Асланайым Аширова цирктин директору кызматынан бошотулуп, көп өтпөй кайра директор болуп дайындалган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты