Цирктин директору Асланайым Аширова кызматтан бошотулду

  • 4 недели мурун

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Светлана Аширова (Асланайым Аширова) 2025-жылдын 23-январынан тартып кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Анын кызматтан бошотулушуна түзүлгөн эмгек келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына себеп болгондугу айтылды.  

Светлана (Асланайым) Аширова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 23-октябрынан тартып Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалган.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты