Чыныгы укуктук коомду куруу жеңил болбойт. Президенттин кайрылуусу
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кырыгзстандыктарга кайрылуу жолдоду.
Чыныгы укуктук коомду курууга багыт алган жолду жеңил деп айтууга болбойт. Ар бирибиз экономикасы туруктуу жана социалдык саясаты өнүккөн мамлекетти курууга өбөлгө түзүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Биз күч-аракеттерибизди бириктирип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндигин сактоо аркылуу гана абалды жакшы жагына өзгөртө алабыз деп ишенем, -деди Президент Садыр Жапаров кайрылууда.
Кайрылууда айтылгандай, 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан алгачкы эл аралык документ — Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. Анда инсандын негизги укуктары жазылып, алар менен бирге эркиндигин да коргоонун негизги принциптери түзүлгөн. Азыркы учурда аталган документ жана анын жоболору мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойнойт.
Кайрылууда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин баалуулугу белгиленди:
-Бүгүн биз жашообузду адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоодогу демократиялык баалуулуктарсыз элестете албайбыз. Мындай жетишкендиктердин ишеничтүү өбөлгөсү — аларды мындан ары чыңдоо.
1993-жылдын 5-майында конституциялык түзүлүштүн негиздеринин катарында адамды, анын укуктары менен эркиндигин жогорку асыл-нарк деп жар салып, Кыргыз Республикасы укуктук мамлекетти андан ары өркүндөтүү жолуна түшкөн. Негизги мыйзам өзүнө эл аралык тажрыйбаны камтып, өлкөнүн саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жаңы тепкичти белгиледи.
Акыркы жылы мамлекеттин жетекчилиги астында өлкөнү өнүктүрүү боюнча жаңы кадамдар кабыл алынды. Республиканын тургундарынын экономикалык жана социалдык укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн ишенимдүү пайдубал түптөлдү. Ошондуктан, жарандардын аталган жааттагы укуктарын орундатуу үчүн шарттарды түзүү, балдарды колдоо, үй-бүлөлүк бакубаттыкты түзүү, пенсия курагындагы жарандарга чыныгы кам көрүү бардык деңгээлдеги бийлик түзүлүштөрүнүн биринчи кезектеги милдети болуп калды.
Динине, жынысына, улутуна, тилине, саясий көз караштарына карабастан, ар бир кыргызстандыктын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо Конституция менен кепилденген. Мындай укуктук мамлекетибизди андан ары өнүктүрүү — Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы максаты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.