Бүгүн — эл аралык тоолор күнү. Куттуктоо
- 6 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан жарандарын эл аралык тоолор күнү менен куттуктады.
«Сиздерди тоо жаратылышынын улуулугу жана ага аяр мамиле жасап сактоо жоопкерчилиги идеясы дүйнө жүзүндөгү адамдарды бириктирген эл аралык тоолор күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүнкү күндө климаттык өзгөрүүлөр тоолуу аймактарда мөңгүлөрдүн эриши, кар катмарынын азайышы, көчкү, сел жана суу ташкыны, токойлордун деградациясы жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу түрүндө болуп жаткандыктан, тоолордун абалы жана алардын арасында жашаган адамдардын тагдыры бизден климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну жана тоо экосистемаларынын жана жамааттардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди талап кылууда» деп айтылат куттуктоодо.
-Президент Садыр Жапаровдун демилгесине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык глобалдык деңгээлде Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер ишке ашырылууда (2023-2027 жж.). Биздин өлкө өнөктөштүктү бекемдөө менен эл аралык аренада Тоо күн тартибин алга жылдырууга олуттуу салым кошууну улантууда. Улуттук деңгээлде биздин мамлекет инфраструктураны өнүктүрүү, жолдорду модернизациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, туризмди, айыл чарбаны, жашыл экономиканы жана энергетиканы колдоо, ошондой эле социалдык мекемелер тармагын кеңейтүү жолу менен тоолуу аймактардагы калктын жашоо-турмушунун социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча этап-этабы менен чараларды көрүүдө.
Бул символикалык күнү мен Кыргызстандын бардык жарандарын, өнөктөштөрүн жана досторун тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө өз салымын кошууга: жаратылышка багытталган чечимдерди кабыл алууга, тоолорубуздун флорасы менен фаунасын коргоого, инновацияларды, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана бул багыттарда эл аралык кызматташтыкты алга жылдырууга чакырам.
Биологиялык ар түрдүүлүктү, салттуу билимдерди жана жаратылыш менен гармонияда жашоо тартибин сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, бийик тоолуу жайлоолорбу же түбөлүк кар турган мөңгүлөрбү, тоо экосистемаларын сактоо – бул бизден жана келечек муундардан ата-бабалардын мурасына аяр мамилени талап кылат.
Тоолор бизге күч-кубат, эргүү жана келечекке ишеним тартууласын. Алар бардык элдер үчүн тынчтыктын, ынтымактын жана туруктуу келечектин символу бойдон калсын,-деди куттуктоодо МИнистрлер кабинетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жөнүндө резолюцияны бир добуштан жактырып, жарыялаган. Ал эми Кыргызстанда 2023–2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланып, бул багытта глобалдык, регионалдык жана улуттук деңгээлдеги иш-чаралар каралган Жол картасы бекитилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




