“Чымындан пил жасабагыла”. Саркарбаев Матраимов анын өкүл атасы экенин, колунан өпсө эч нерсе болбосун айтты

Социалдык тармактарда тойдо Ош шаарынын спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылыч Саркарбаев, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп берген айтылуу Райымбек Матраимовдун колун өөп жаткан видео тасма тараган. Буга байланыштуу Кылыч Саркарбаев соцтармак аркылуу жооп берди.

Саркарбаев мындай деп билдирди:

-Социалдык тармактарда тарап жаткан видео тасма боюнча бир азыраак ачыктап коеюн дедим. Райымбек Матраимов менин өкүл атам болот. Ал киши мени бала чагымдан бери тарбиялап, кыйын күндөрүмдө жардамын берген адам.

Мен бул адамды абдан сыйлайм. Бу киши менден башка да көптөгөн адамдарга жардам берет. Мен өкүл атамдын колун өөп койсом эч нерсе болбойт. Чымындан пил жасабагыла.

Мен ага көрсөткөндөй сыйды, аны ким урматтаса да,  ушундай эле мамиле жасамак, -деди Саркарбаев.

“Чымындан пил жасабагыла”. Саркарбаев Матраимов анын өкүл атасы экенин, колунан өпсө эч нерсе болбосун айтты

Социалдык тармактарда аталган видео тасма кеңири тарады. Окуя кечээ, Курсан Асановдун инисинин тоюнда болгону айтылууда. Видеодо Сайпидинов Мунарбек (Матраимовдун өкүл баласы) Саркарбаевге «өпкүң келсе, өөп ал» деп айтканын угуп, Саркарбаев Матраимовдун колун өпкөнүн көрүүгө болот.

  Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты