Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын  эл аралык кинофестивалы өтүүдө

  • 4 недели мурун

22-апрелде Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын XIII эл аралык кинофестивалы башталды.

Бул тууралуу маданият, саалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Быйыл фестивалга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 900дөн ашык арыз түштү.

Фестивалдын расмий ачылышына кино ишмерлери, сынчылар, кино багытында билим алып жаткан жогорку окуу жайлардын студенттери жана кино өнөрүнө кайдыгер карабаган жалпы көрүүчүлөр катышты.

Быйылкы фестиваль Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана жазуучу Ашым Жакыпбековдун 90 жылдыгына арналды.

Фестивалдын программасында эки негизги конкурстук категория каралган: эл аралык жана улуттук. Аларда көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрдагы тасмалар көрсөтүлөт. Эл аралык конкурска Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн тандалган 13 тасма кирген. Улуттук конкурста кыргызстандык режиссёрлор тарткан 13 мыкты кыска метраждуу тасма сунушталууда.

2025-жылдагы фестиваль маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, КМШ мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтык боюнча эл аралык фондунун (МФГС), “Маданий кызматташтык фонду” коомдук фондунун, “Айтыш” коомдук фондунун жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун колдоосу менен өтүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты